Франция үч күн аза күтөт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФранциянын желегин түшүрүү. Архив
Франциянын желегин түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парижде жума күнү болгон терактылардан 128 адам каза болду.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Франциянын президенти Франсуа Олланд теледен кайрылуу жасап, өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялаганын билдирди.

ИИМ кызматкери ити менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Франциядагы терактылардан улам Кыргызстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Жума күнү кечинде Парижде терактылардын сериясы болду. Белгисиз адамдар 10-окруктагы ресторандын бирине ок чыгарып, Франция менен Германиянын футбол командалары беттешип жаткан "Стад де Франс" стадионунун жанынан үч жардыруу болгон. Оюнда Франция президенти Франсуа Олланд да бар экени айтылууда. Мындан тышкары, америкалык рок-группанын концерти өтүп жаткан "Батаклан" театрында 100дөй адам террорчулардын барымтасында калган. 
Алдын ала маалымат боюнча, терактыдан каза болгондордун саны 128ге жетип, 99 адам оор абалда.
Жаңылыктар түрмөгү
0