БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Дүйнө коомчулугу күчтөрүн бириктирип, чогуу чараларды көргөндө гана терроризм коркунучунан арылууга болорун Россиянын президенти Владимир Путин белгиледи.
"Дүйнө коомчулугу биригип, чогуу аракеттерди көргөндө гана терроризм коркунучунун алдын алып, үй-жайынан ажыраган миллиондогон кишилерге чындап жардам бере аларыбызды жакшы түшүнүп жатабыз", — деген пикирин Путин БРИКС мамлекеттеринин лидерлеринин расмий эмес чогулуусунда айтты.
Ошол эле учурда Францияда болгон теракттыларды айыптады.
"Жабыр тарткан кишилерге көңүл айтам, терроризм коркунучтары менен натыйжалуу күрөшүү үчүн чогуу аракеттерди көрүшүбүз керектигин айтып келебиз", — дейт Россиянын президенти.
Владимир Путин эл аралык ченемдерге, ар бир мамлекеттин көз карандысыз укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таянуу менен БУУнын уставынын негизинде аракет көрүү керектигин белгиледи.
Ушул күндөрү Түркиянын Анталья аймагында G20 мамлекеттеринин лидерлеринин жыйыны өтүүдө.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.
Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.
"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Киев шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирдин финалында украиналык Илона Прокопевнюкту 9:7 эсеби менен утуп, алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Кыздардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Биздин чемпион үчүн өтө мээнеттүү жеңиш болду", — деп жазылан спорттук баракчада.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатынын (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңип алган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрында Нарын облусундагы Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.