Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Барак Обама Жыйырмалык саммитинин жүрүшүндө.

Путин менен Обама G20 саммитинде маңдай-тескей отуруп баарлашты

119
(жаңыланган 11:29 16.11.2015)
Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Барак Обама саммиттин кулуарында маңдай-таскей отуруп, котормочулардын коштоосунда пикир алышты.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Барак Обама "Жыйырмалык" саммитинин жүрүшүндө 15-ноябрда бир-бири менен кыскача сүйлөшө алышты.

Эки өлкөнүн жетекчилери БРИКС мамлекеттеринин лидерлеринин жолугушуусу алдында жана саммиттин жумушчу жыйыны башталар алдында пайда болгон бош убакыттан пайдаланып, маңдай-тескей отуруп пикир алышты. Алар бир гана котормочулардын коштоосунда сүйлөштү.

Буга чейин жекшемби күнү Путин менен Обама саммиттин катышуучуларынын биргеликте сүрөткө түшүү аземи учурунда кыска болсо да сүйлөшө алышкан болчу.

G20 саммити Түркиянын Анталья аймагында 15-16-ноябрь күндөрү өтүүдө. Учурда ага такай мүчөлүккө 19 мамлекет жана Европа биримдиги кирет. "Жыйырмалыктын" катарына России, Аргентина, Австралия, Бразилия, Улуу Британия, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Сауд Аравиясы, АКШ, Түркия, Франция, Түштүк Африка республикасы, Түштүк Корея жана Япония кирет.

119
Белгилер:
Түркия, Барак Обама, Владимир Путин, G20, саммит
Тема боюнча
G20 энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу иштеринин планын макулдашты
Суусундук кармаган кыздар. Архивдик сүрөт

Ден соолукту талкалаган суусундук. Дарыгердин эскертүүсү

242
Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок аны көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып, диабеттен тарта онкологиялык ооруну чакырган азыктардын бири газдалган таттуу суусундуктар экенин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адистин айтымына караганда, баарынан кооптуусу газдалган суусундук.

"Диабетти жаратып, кишини семиртип, акырында онкологиялык ооруга алып барып такайт. Бул чындыгында ден соолукту талкалоочу жолдордун бири. Остеопороздон тарта онкология, жүрөк, кан тамыр ооруларын жаратат", — деп түшүндүргөн Мясников.

Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок сууну көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

Мясников чай менен кофенин пайдалуу жактарын да эске сала кеткен. Кофе жүрөк, кан тамыр илдеттеринин, боор оорунун алдын аларын айтса, көк чайдын онкологияга каршы күрөшүү артыкчылыгын белгилеген.

Буга чейин россиялык онколог Елена Смирнова жоон ичеги рагына кабылуу тобокелчилигин арттырган суусундуктарды тизмектеп айтып берген. 

242
Белгилер:
Россия, ден соолук, суусундук, зыян
Тема боюнча
Боору жарабай калган. 1,5 литр коланы 10 мүнөттө ичкен киши каза болду
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт

89
UFC чемпиону Шевченко Голливуд жылдызы Холли Берри менен тасмада спорттогу каршылаштардан болушат. Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Instagram баракчасында Bruised ("В синяках", "Көгала болгондо") тасмасын тартуу учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.

Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде болмокчу. Анда Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат.

Шевченко Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.

"Bruised тасмасында Lady Killer ролунда", — деп жазган Валентина.

Кинонун трейлери интернетке 14-октябрда чыккан. Тасма өзү 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.

89
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, тасма, роль, мушкер, беттешүү
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасынын трейлери чыкты. Видео
Татынакай! Шевченко Холли Берринин тасмасы боюнча маектеги сүрөтүн жарыялады