АКШ: Париждеги терактыларга жок эле дегенде 20 кишинин тиешеси бар

© Sputnik / Кристина Афанасьева / Медиабанкка өтүүФранция полициясыю Архив
Франция полициясыю Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парижде болгон окуялар "жоон топ кишинин катынып жасаган иши" деп белгиледи АКШнын өкүлдөр палатасынын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Майкл Маккол.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. АКШнын өкүлдөр палатасынын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Майкл Маккол Парижде болгон терактыларга жок эле дегенде 20 кишинин тиешеси бар деп айтканын Рейтер агенттиги билдирет.

Париж муңу, дүйнө кайгысы — коюлган гүлдөр менен жагылган шамдар
CNN телеканалына берген маегинде конгрессмен терактылардын артында "катынып алып баарын жасап жаткан жоон топ киши" турушу мүмкүн деген.

Жума күнү 13-ноябрда Парижде бир нече террористтик аракеттер жасалып, белгисиз адамдар ресторандардын биринде ок чыгарган. Ал эми Франция менен Германиянын футбол боюнча топтору ойноп жаткан "Стад де Франс" стадионуна жакын жерде үч жардыруу болгон. Көрүүчүлөрдүн арасында француз президенти Франсуа Олланд бар болчу. Андан тышкары, рок-концерт жүрүп жаткан "Батаклан" театрында эл барымтага алынган. 130дан ашык адам өлүп, 300гө жакыны жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0