Биологдор тиштин оорусун басып, эмалды калыбына келтирүүчү гель ойлоп табышты

© flickr.com / Steven DepoloТиш доктурдун аспабы жана тиш. Архив
Тиш доктурдун аспабы жана тиш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Калифорния университетинин биологдору тиштин эмалы кантип калыптына турганын аныкташып, аны калыбына гана келтирбестен тиштин оорусун баса турган гелди жасоонун жолун табышты.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Окумуштуулар кариестен жабыркаган тиштин эмалын калыбына келтирүүчү ыкманы ойлоп таап, атайын гель жасашты. Ал эмалды гана калыбына келтирбестен тиш ооруну да жок кылат деп айтылат Bipmaterials журналына жарык көргөн макалада.

"ММР-20 белогу эмаль жаңы калыптанып баштаган учурунда бөлүнүп чыгат. Ал эмаль кристалдашып жаткан учурда башка белокторду "жара чаап", башка элементтердин таасири менен эмаль чыгарган клеткаларга кристалды тазалап, тишти калыптандыруучу биоматериалдын көп бөлүп чыгуусуна мүмкүнчүлүк берет", — дейт Лос-Анжелестеги Түштүк Колифорния университетинин окумуштуусу Морадиан-Олдак.

Лабораториянын жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар рак шишигинин бар-жогун эми кандын тамчысынан аныктай алышат
Анын айтымында, кесиптештери менен бул белокту 20 жыл бою издеп, тиштин калыптануу процесси учурундагы процессти кайтадан жасоого аракет кылышкан. Бул процесстеги эң маанилүү элементтердин бири бул болочок тиш үчүн эмалдын өсүп чыгышы.

Жакында эле окумуштуулар тиштин эмалынын морт болуу оорусу ММР-20 белогундагы гендин мутация болушунан улам пайда болорун аныкташты. Макаланын акторлору аталган фермент эмалдын калыптанышында маанилүү роль ойнойт деп болжошууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0