Sputnik эл аралык маалымат агенттигинин логотиби. Архив

Sputnik жаңы фотобанк ресурсун ишке киргизди

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун жаңы ресурсу пайдалануучуларды күнүнө 500гө чейинки жаңы сүрөт менен камсыз кылат.

БИШКЕК, 19-ноя. – Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрынан тартып дүйнө боюнча кардарлар пайдалана ала турган фотобанк ишке киргизилгенин жарыялады. 

Жаңы фотобанк Sputnik Images бренди алдында иштеп, дүйнө жүзү боюнча отуздан ашык тилде маалымат порталы, радио берүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы платформа түрүндө берилүүчү Sputnik маалымат ресурстарынын бир бөлүгүн түзөт. 

"Күн сайын Sputnik Images ресурсуна дүйнөнүн булуң-бурчунан жаңылыктар келип, ал эми фотобанк ар мүнөт сайын көйгөйлүү темалар боюнча бир нече сүрөт менен жаңыланып турмакчы. Орто эсеп менен алганда, Sputnik сүрөтчүлөрү жаңы фотобанктын кардарларын күнүнө 500гө чейинки жаңы сүрөт менен камсыз кылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнө жүзүнүн бардык жерлеринен алынган 1 миллиондон ашуун көрсөтмөлүү материалдар Sputnik Images бетинде корпоративдик кардарлар үчүн ачык болот.

Материалдар учурдун көйгөйлүү маселелерине жараша иргелип, пайдалануучулар үчүн күндүн толук абалын көрүүгө мүмкүндүк берет. Жаңы фотобанк аркылуу тематикалык фоторепортаждаржы (фото түрмөктөрүн) жана күндүн темасы боюнча инфографиканы да сатып алса болот. 

Пайдалануучулар үчүн башкы сөздөр, категория, автор, булагы жана географиялык белгиси боюнча ыңгайлуу издөө кызматы, олуттуу темалардын сүрөт календарлары менен кошо жакынкы күндөрү боло турган сүрөт тартуулардын анонсу тууралуу маалымат жеткиликтүү болот. Бардык сүрөттөрдүн тийиштүү атрибуттары: окуянын аталышы, сүрөт тартылган күнү жана жери, кадрдагы адамдардын аты-жөнү, сүрөттүн көлөмү, башкы сөздөрү жана категориялары, автору жана келип түшкөн булагы толук берилет. Бардык сүрөттөрдү басып чыгаруу жана онлайн жарыялоо үчүн үч форматта тең алса болот. 

Sputnik Images – ондогон өлкөлөрдө мультимедиалуу маалымат борборлоруна ээ Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун фотобанкы. Sputnik өзүнө маалымат порталдарын, аналогдук жана сан ариптик радио берүүлдөрдү, мобилдүү тиркемелерди жана социалдык түйүндөрдө баракчаларды өзүнө камтыйт. Sputnik жаңылыктар түрмөгү күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде чыгат. 

Sputnik сайттары англис, араб, испан, италия, кытай, поляк, португал, серб, түрк, француз жана хинди ж.б. 30дан ашык тилде иштейт. Sputnik сайттары өз окурмандарына инфографика, видео, фоторепортаж, онлайн-эфир, интернет-добуш берүү өңдүү түрдүү контентти сунуштайт. Шашылыш жаңылыктардан тышкары, Sputnik аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да жарыялап турат.

Белгилер:
фотобанк, кардар, сүрөт, Sputnik
Тема боюнча
Sputnik Молдова Кыргызстандан поэзиялык эстафетаны кабыл алды
Sputnik Кыргызстан кара тизмеден чыгуу жолдору көрсөтүлгөн маалымат баракча чыгарды
Москванын көчөсүндө полиция кызматкерлери. Архив

Кыргызстанда кылмыш жасап изин сууткандар Москвадан табылды

(жаңыланган 18:04 13.04.2021)
Учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп берүү аракеттери жүрүүдө. Алардын бири 2012-жылдан бери табылбай жаткан.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мекенинде мамлекеттик издөө жарыяланган жарандарды колго түшүрүү боюнча көрүлгөн аракеттердин негизинде РФтин аймагында жашынган үч шектүүнү кармады.

Ага ылайык, 2011-жылы 1990-жылкы Э.О. эки шериги менен Сокулук районундагы үйлөрдүн бирине кирип үй ээлерин сабап туруп 100 миң сомун алып кеткен. 2012-жылы шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип, 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөө жарыяланган К.С. аттуу 1952-жылкы аялдын жүргөн жери дагы аныкталган.

Мындан сырткары, 2020-жылдан бери балдарына алимент төлөбөгөндүгү үчүн Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жаткан 1979-жылкы М.Э. дагы кармалган.

Учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп берүү аракеттери жүрүүдө.

Белгилер:
полиция, кылмыш, издөө, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Аксыда ири көлөмдө курал сатууга камданып жаткандар кармалды. Сүрөттөр
Бишкекте кызга бычак урду деген шектүү кармалды
УКМК автоунаа катализаторлорун чет өлкөгө мыйзамсыз ташыган каналды аныктады

Болбогон жерден жем болду… Чалынып кетип арстанга кармалган эликтин видеосу

(жаңыланган 16:18 13.04.2021)
Далбас уруп арстандан качкан элик жырткычты кыйла артта калтыргандай болгон. Бирок капыстан аңга түшүп кетип жем болгону видеого түшүп калган.

Кадр Кениянын түштүк-батышындагы Масаи-Мара коругунда тартылганын National Geographic жазды. Бул жаратылыш паркы арстандары менен белгилүү. Анда бул жырткычтын саны 900гө жакын. Аңчылыкка ургаачылары гана чыгат.

Видеодон жаш арстан эликтин артынан түшүп, бирок аны кармоого кокустук гана жардам бергенин көрүүгө болот.

Белгилер:
элик, арстан, Кения
Тема боюнча
Тарбаңдап, улам жакындап. Жаалданган осьминогдун чочуткан видеосу
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Чүйдө төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Кырсыктын видеосу

(жаңыланган 18:53 13.04.2021)
Жол кырсыгы Александровка айылында катталган. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Чүй облусунун трассасында төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram-каналына жарыяланган. 

Каргаша Александровка айылында 15:00дөр чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn, Ford Transit, Lexus LX470 жана Merceses-Benz үлгүсүндөгү микроавтобус кагышкан.

Натыйжада Ford үлгүсүндөгү унаанын эки жүргүнчүсү жабыркаган. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгынан улам Бишкекти көздөй кеткен жолдо унаа тыгыны жаралган.

Белгилер:
тыгын, унаа, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түптө жол кырсыгынан 19-20 жаштагы үч бала көз жумду. Дагы үчөө ооруканада