RT каналынын Тель-Авивдеги офисине бычак менен кол салган кылмышкер бир кишини өлтүрдү

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүRussia Today телеканалынын логотиби. Архив
Russia Today телеканалынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга ылайык, бычак менен кол салуудан бир киши каза болуп, үч адам жаракат алды.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Белгисиз жаран Russia Today (RT) каналынын Тель-Авивдеги офисине кирип келип, бычак менен кызматкерлерге кол салганын Sputnik International билдирди. Анын кесепетинен бир киши каза болуп, үч адам жаракат алды. Кылмышке качып кетүүгө үлгүргөн.

Каналдын корреспонденти Пола Слиер (Paula Slier) кол салуудан кийин бир катар сүрөттү өзүнүн Twitter баракчасына жарыялаган.

Учурда RT каналы коопсуздук кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.

Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө, кошумча маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0