БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Түндүк Корея өлкөдө адам укуктары боюнча абалды сындап, өткөн жумада кабыл алынган БУУнун резолюциясын таптакыр четке какты. Бул туурасында аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин аты аталбаган өкүлүнүн билдирүүсүн таянып Ренхап агенттиги кабарлады.
БУУнун резолюциясы ошондой эле Кореядагы адам укуктарына байланышкан абалды Эл аралык кылмыш жаза сотунда кароону сунуштайт.
Түндүк Корея аталган резолюция АКШ баш болгон кас күчтөрдүн аталган өлкөдө тартипти төңкөрүп салуу максаты менен ойлоп тапканы деп ырастайт.
"Биз адам укуктары жаатында чыныгы диалогду жана кызматташтыкты колдойбуз, бирок биздин кызматташууга болгон чыныгы каалообуздан качып, өзүнүн кара санатай саясий максаттарына жетиш үчүн КЭДРге кысым жасоого умтулгандарга эч качан жол бербейбиз", — деп айтылат билдирүүдө.
Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун 23-ноябрда Түндүк Кореяга барып, Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.
Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.
Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы паркта Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Эскерүүнү Кыргызстандагы Ленинград курчоосунун катышуучуларынын коому, Октябрь райондук акимчилиги, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Россотрудничество уюштурду.
Катышуучулар блокадачылардын монументине гүл коюшту.
Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов Россия менен Кыргызстанды эзелтеден берки жакындык, достук мамилелер байланыштырып келе жаткандыгын айтты.
"Кыргыз ССРинин жашоочулары фашизмди жеңүүгө абдан зор салымын кошкон. Бүгүн кайрадан жалпы душманга – коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн биригүү зарылдыгы пайда болду. Россия Кыргызстанга медициналык каражаттар, медициналык жабдуулар жана дарыгерлерди жөнөтүп, жардам берүүдө", — деген ал.
Монументке гүл коюлгандан кийин концерт болду.
Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. 4 500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон. Блокадада калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң баланын эвакуациялангандыгы айтылып келет.
1944-жылдын январында блокада алынгандан кийин да немец жана фин аскерлеринин курчоосу уланган. 1944-жылдын августундагы операциядан кийин гана фашисттер шаардан алыс сүрүп салынган.
Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу инсан багып-өстүргөн.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.