Сириянын Түркия менен чектешкен жеринде россиялык Су-24 учагы кыйрады

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Су-24 учагы. Архив
Россиянын Су-24 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда учкучтардын дайыны такталууда. Алдын ала маалымат боюнча, алар учактан секирип кетүүгө үлгүрүшкөн.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Сириянын Түркия менен чектешкен аймагында россиялык Су-24 учагы кыйроого жердеги аткылоодон улам учураганын Россиянын коргоо министри билдирди.

"Бүгүн Сириянын аймагында, алдын ала маалымат боюнча, жерден аткылоонун натыйжасында россиялык авиатопко таандык Су-24 учагы кыйроого учураган", — деп айтылат билдирүүдө.

Россиянын Су-25 учактары Сириянын Хмеймим базасынан учуп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин: Россия террористтерге авиасоккусун күчөтөт
Учак 6 миң метр бийиктикте болгону айтылууда. Учурда учкучтардын дайыны такталып жатат. Алдын ала маалыматка ылайык, учкучтар аба кемесинен секирип кетүүгө үлгүргөн. Мындан тышкары, кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө. Коргоо министрлиги аталган учак кырсык болгон учурда Сириянын аймагында учуп жүргөнүн белгилейт. Бул объективдүү көзөмөл каражаттары тарабынан каттоого алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0