АКШ генералы: Түркия "Су-24" учагын атып түшүрүп, чоң ката кетирди

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүРоссиялык Су-24 учагы. Архив
Россиялык Су-24 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти бул кадамды террорчуларга жардам кылгандар тарабынан "аркага сайылган бычак" деп атады.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. АКШнын Куралдуу аба күчтөрүнүн жетекчисинин орун басары генерал-лейтенант Том Макинерни Түркия россиялык "Су-24" учагын атып түшүрүп, чоң ката кетирди деген пикирин билдирди.

Америкалык аскерийдин айтымында, радар трекерлери учак Түркиянын чет жакасын кесип өтүп, Түркиянын аба аймагында 20-40 секунд гана болгон. Андан соң "Су-24" артка Сирияга кайта баштаган.

"Учак аймакка чабуул кылыш үчүн маневрларды жасаган эмес", — деди Макинерни Fox News телеканалына берген маегине.

Путин Су-24 учагы боюнча кырдаалга Иордания падышасы менен жолукканда баа бериши мүмкүн
Шейшемби күнү россиялык "Су-24" учагы Сирия аймагында кулап түшкөн. Россиянын президенти Владимир Путин учак түркиялык F-16 үлгүсүндөгү ракета менен атып түшүрүлүп, Сириянын аймагына кулаганын билдирди. "Су-24" кулаган аймак Түркиянын чек арасына төрт чакырымдай жакын жерде. 

Россия президенти бул кадамды террорчуларга жардам кылгандар тарабынан "аркага сайылган бычак" деп атады. Ал эми Россиянын Башкы штабы соккуга кабылган "Су-24" Түркиянын аймагын кесип өтпөгөндүгүн жана муну абадан коргонуу боюнча сириялык күчтөр бекемдеп жаткандыгын маалымдады. Ал эми Түркия россиялык аскер учагы анын аба мейкиндигине кирип кеткендигин айтууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0