Су-24түн бир учкучу абадан атып өлтүрүлгөн, экинчиси дайынсыз

© Sputnik / Скрынников / Медиабанкка өтүүРоссиялык Су-24 учагы. Архив
Россиялык Су-24 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү Россиянын Су-24 учагы Сириянын үстүнөн кыйроого учурады. Президент Владимир Путин учакты F-16 түрк учагы "аба-аба" түрүндөгү ракета менен атып түшүргөнүн билдирди. Экипаж секирип кеткенге үлгүрүп, бирок учкучтардын бири курман болгон.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Су-24 экипажынын бир учкучу Сириянын үстүндөгү жерден ок атуудан абада курман болгонун РФ Аскердик аба күчтөрүнүн Башкы штабынын оперативдүү башкармалык жетекчиси Сергей Рудской билдирди.

АКШ генералы: Түркия "Су-24" учагын атып түшүрүп, чоң ката кетирди
Шейшемби күнү Россиянын Су-24 учагы Сириянын үстүнөн кыйроого учурады. Президент Владимир Путин учакты F-16 түрк учагы "аба-аба" түрүндөгү ракета менен Түркиянын чек арасынан төрт чакырым алыс жерден атып түшүргөнүн билдирип, муну террористтердин жактоочуларынын "аркадан урган соккусу" деп атады. 

Ракета Су-24 учагына Сириянын аймагында тийгени кабарланат. Учак чек арадан төрт чакырым аралыкта Сириянын аймагына кулаган. 

"Учактын экипажы секирип кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, учкучтардын бири жерден атылган октон курман болгон. Абадан атып түшүрүлгөн россиялык аскер учагынын экипажын издеп куткаруу боюнча операция уланып жатат", — деди Рудской.

РФтин Коргоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, Ми-8 тик учагында куткаруу операциясына катышып жаткан деңиз жөө аскерлеринин бир жоокери да курман болгон.

Ошону менен катар АКШнын Мамлекеттик департаменти учактан секирген россиялык учкучтарга өзүн коргоого аракет кылган сириялык түркмөндөр ок чыгарышы мүмкүн деген божомолун айтат. 

"Эгер түркмөн күчтөрүнө Россия абадан сокку урган болсо, алар өзүн коргоду болуш керек", — деди брифингде департаменттин расмий өкүлү Марк Тонер СУ-24төн секирген россиялык учкучтарга ок чыгарган сириялык түркмөндөрдүн аракеттерине баа берүү жөнүндөгү суроого жооп берип жатып. 

НАТОнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
НАТО россиялык учактын Сирияда кыйрашы боюнча билдирүү жасоого камданып жатат
Куралсыз жерге учуп келе жаткан учкучтарга ок атууну өзүн коргоо деп баалоого болобу деген журналисттин суроосуна Тонер "ал жерде чынында эмне болгону жөнүндө так түшүнүк жок" деп жооп берди.

30-сентябрда президент Башар Асаддын өтүнүчү менен Россия Сириядагы "Ислам мамлекети" жайгашкан жерлерге Су-25, Су-24М, Су-34, Су-30СМ бомбалоочу жана чабуул коюучу аскер учактары менен абадан даректүү сокку ура баштаган. Ноябрдын ортосунда Россиянын стратегиялык авиациясы — Ту-160, Ту-95МС жана Ту-22М3 учактарын да колдонууга киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0