Шойгу: Су-24 учагынын учкучун куткарышты, ал базага алынып келди

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүРоссиянын СУ-24 учактары. Архив
Россиянын СУ-24 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын даярдыктагы аскерлер Россиянын аскер аба күчтөрү Су-24 учагынын штурманын куткаруу боюнча операцияны ийгиликтүү аякташты.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү Сирияда кыйраган Су-24 аскер учагынын учкучун куткаруу боюнча операцияны Россия менен Сириянын атайын даярдыктагы аскерлери ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

"Операция ийгиликтүү аяктады. Учкуч биздин базага алып келинди. Ал тирүү", — деди министр Коргоо министрлигинин жалпы жыйынында.

Шойгу ошондой эле операция 12 саатка созулганын айтып, түнү бою өтө чоң тобокелчилик шартта иштегендерге ыраазычылык билдирди.

"Москва убактысы боюнча саат 03.40та алар ишти аякташты", — деди министр.

"Операциянын ийгиликтүү аяктаганы боюнча башкы командачыга (Владимир Путинге) маалымат бердим. Ал операцияга катышкан жеке курамдын бардык өкүлүнө ыраазычылык билдирди", — деди Сергей Шойгу.

Белгилей кетсек, кечээ кечинде Сирия менен Түркиянын чек арасында россиялык Су-24 аскер учагы кыйратылган. Аны Түркиянын F-16 учагы аткылаган. Мындай аракеттен улам орус-түрк мамилесине олуттуу таасир болушу мүмкүндүгүн Россиянын президенти Владимир Путин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0