Батыш ЖМК окурмандары РСУ-24 учагын түрк аба күчтөрү атып түшүрөнүнө кыжырданат

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Су-24 учагы. Архив
Россиянын Су-24 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Су-24 учагы Түркиянын аскердик аба күчтөрү тарабынан кыйратылды. Батыштын интернет-пайдалануучуларынын пикиринде түрк бийлигинин бул кылганын эч нерсе менен актоого болбойт.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Британия, АКШ, немис жана башка батыш басылмаларынын окурмандары Түркиянын россиялык учакты атып түшүрүү жөнүндө чечимине кыжырлануусун билдирет. 

"Түркия азыр ким тарапта экени түшүнүп болбойт. Россиялык учак чек араны бузса да, бузбаса да, СУ-24 Түркиянын ичинде эч кандай максатты көздөбөгөнү белгилүү эле да. Түрк бийлиги өтө эле аша чаап, жихадчы досторуна жардам бергенге жутунганын көрсөтүп койду", — деп жазат TDog The National Interest журналындагы макалага комментарий берип жатып.

"Эгер Түркиянын айтканы чын болсо, анда учакты Сириянын аймагына кайткандан кийин атыптыр да. Анда бул өзүн коргоо эмес", — деп жазат castlerock58.

"Түркия туура кылды дегенде да, учакты кыйратып, эки учкучту өлтүргөнү (бири аман калганы кийинчерээк билинди – ред.) — өтө эле аша чапкандык. Түрк учактары улам кирген сайын Греция аларды атып отурса, Түркияда деги эле учак калмак эмес", — деп жазган A.Lex.

"Россия, Түркиянын газын бууп, сатууга 100 пайыздык салык салып кой. Батыш экономикалык санкцияларды жакшы көрөт эмеспи, аларга да ошону колдонуш керек", — деп жазат Том Андерсон аттуу окурман The Telegraph басылмасындагы макалага.

"Британиялык учкучтарды атып түшүргөндө, нацисттер талаага чуркап чыгып, парашют менен түшүп келе жаткандарды атышкан. "Ислам мамлекети" менен Түркия — нацисттерден да жаман", — деп эсептейт mel3.

Шойгу: Су-24 учагынын учкучун куткарышты, ал базага алынып келди
"Түркия от менен ойноп жатат. Эрдоган "Ислам мамлекетин" колдой турганы жашыруун эмес (нефть сатып алуу менен да), ошон үчүн учакка кол салуу Россиянын ИМге каршы аракеттерине байланыштуу экенин түшүнүш кыйын эмес. Путинге ишенбеш керектигин билебиз, бирок Эрдоган — ашынган исламист, ИМге боор тартып турат. НАТО буга кийлигишпеши керек, себеби Түркия — НАТОнун маргиналдуу мүчөсү, анын исламисттик максаттары альянстын көпчүлүк максаттарына каршы келет", — деп жазат LA times гезитиндеги макалага карата Best Coast аттуу окурман.

"НАТОго таянып алып, Түркия кыйынсына алат дечи, бирок Россиянын учагы ага коркунуч туудурбаса керек. 10 жолу эскерттиби, жокпу, бирок атып эмне кереги бар эле? Аймакта ансыз деле абал курч, чыракка май тамызып эмне кылат?" — дейт Spiegel журналындагы макалага коментарий берген Mullersunаттуу пайдалануучу.

"Германия Туркияны НАТОдон чыгарууга аракет кылат, же түрктөр өзү кетет деген үмүттөмүн. Террористтерди колдоп, алардын душманын аткан "достордун" бизге кереги жок. Түркия ким тарапта экени көрүнүп турбайбы", — деп жазат пайдалануучу andrehe.

"Түркия Россиянын учагын атып түшүргөнгө шылтоо таппай эле турган болуш керек. Эрдогандын көздөгөнү биздин кызыкчылыкка туура келбейт: сириялык күрддөргө автономия — эч качан; Асад менен болсо да, Сирияда тынччылык — эч качан; ИМ менен күрөш — Эрдоган ИМди коркунуч эмес, жакын өнөктөш көрөт…", — деп жазат wobec аттуу пайдалануучу Die Zeit гезитиндеги макалага карата.

"Түркия үчүн эч коркунуч жок болчу. "Учакты атып, Түркия өз көз карандысыздыгын коргоду" деп коюшат. Өзүлөрү Ирак менен Сириянын эгемендүүлүгүн күн сайын бузуп жатканычы? Түркияда орус учактары эч кимге коркунуч жаратпай эле турат. Эмнеге атып салышты?" — дейт andreas0068, Tagesschau макаласына берген комментарийинде.

"Путин эмне кылсын? (окуя Түркия үчүн жаман кесепеттерге алып келет деген Путиндин сөзүнө карата — ред.). Эрдоган качкындарды эмне кылыш керектигин Германияга үйрөтүп жатканы эле жаман болчу. Андан жаманы, Батыштын ИМге каршы аракеттери бул түрк диктатору Ирак менен Сирияда күрддөргө каршы жеке согушун токтотмоюнча эч натыйжа бербейт. Эми ал мунусун НАТОнун "расмий батасы" менен кылат деген үмүттөмүн. Путин бул күрөштө ишеничтүү шериктеш экенин Батыш акыр-аягы түшүнөт да", — деп жазат Schlagloch ошол эле жерде.

Түркиянын президенти Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: Түркия аба күчтөрү Су-24тү бутага алганда Россияныкы экенин билген эмес
"Исламист Эрдоган от менен жана биздин нерв менен ойноп жатат. Европа менен Түркиянын мамилелерин токтоосуз кайра караш керек", — деп жазган ANDERNOS аттуу пайдалануучу Le Figaro француз басылмасына чыккан макаланын астына.

"Түркия эки тарапка тең ойной баштагандан бери буга таң калып болбойт", — деп жазат ошол эле макалага карата Poussezpas аттуу пайдалануучу.

Интернет пайдалануучуларынын басымдуу бөлүгү Түркиянын жасаганын сынга алган. Ошентсе да, аны туура дегендер да жок эмес. 

"Эгер НАТО өлкөсүнүн аба мейкиндигин бузсаңар, демек анын кесепеттерин да кабыл алышыңар керек", — деп жазат The Telegraph гезитинин zorbatheturk аттуу окурманы.

"Түркия өзүнүн аба мейкиндигин россиялык текебер учкучтар дайыма эле буза беришине макул эмес. Ал чек койду. Бул ачык-айкын берилген белги болчу. Эми орустар кайра дагы мындайга барарын көрөбүз", — деп жазат The National Interest гезитиндеги макалага карай Dan H.

Жаңылыктар түрмөгү
0