Сексуалдык кулчулукка адам сатып келген кыргызстандык аял Минскиден кармалды

© AFP / Marcin WicharyКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам сатуу боюнча шектелип келген аял буга чейин эл аралык издөөгө алынган. Ал Белоруссияга Түркиядан учуп келген жеринен колго түштү.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Белоруссиянын "Минск" улуттук аэропортунан сексуалдык максатта адам сатууга шектелген кыргызстандык аял кармалды деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы.

Маалыматка ылайык, буга чейин 36 жаштагы жаран эл аралык издөөгө алынган. Анын Белоруссияга Түркия мамлекетинен учуп келгени аныкталды.

Учурда ал иликтөө иштери үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0