Кыздуу болгон Цукерберг 45 миллиард долларды кайрымдуулукка жумшайт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүFacebook социалдык тармагынын ээси Марк Цукерберг. Архив
Facebook  социалдык тармагынын ээси Марк Цукерберг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миллиардер акцияларды дароо эмес, өмүрүнүн аягына чейин келечек муундун жаркын жашоосу үчүн бере турганын түшүндүрдү. Мындай билдирүүнү ал кыздуу болгондон кийин жасады.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Марк Цукерберг аялы Присцилла Чан экөө Facebook компаниясындагы акцияларынын 99 пайызын дүйнөнү жакшыртуу үчүн кайрымдуулукка берет.

"Биз өмүрүбүздүн аягына чейин Facebook компаниясынын 99 пайыз акциясын кайрымдуулук үчүн жумшайбыз. Акциялардын баасы учурда 45 миллиард долларды түзөт. Бул каражатты келечек муундун жаркын жашоосу үчүн беребиз", — деп Цукерберг өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Мындай билдирүүнү ал кыздуу болгондон кийин жасап, ымыркайдын атын Макс койгонун жар салды.

Facebook социалдык тармагын күн сайын бир миллиарддан ашык киши колдонот. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 14 пайызга көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0