Эрдоган: Россиянын коргоо министрлигинин айткандарына жооп берди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТүрк президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Россиянын коргоо министрлигинин Түркиянын "Ислам мамлекетинен" (ДАИШ) нефти сатып алып жатат деген айыптоосуна жооп берди. Эрдоган "Россия тең салмаксыз аракеттерин уланта турган болсо, биз дагы керектүү чараларды көрүүгө аргасыз болобуз" деди ал.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Түркиянын "Ислам мамлекетинен" (ДАИШ) нефтини сатып алуу боюнча Эрдогандын "Бардыгын ачык айттым, бул жалааны жапкандар аны тастыктап беришсин. Алар далилдеп берери менен президенттиктен кетем" деп айтканын Sputnik Türkiye маалымат агенттиги билдирди.

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лавров: Россия БУУга ДАИШтин нефтиси Түркияга келип жатканын далилдеп берет
Россиянын Башкы штабынын төрагасы Сергей Рудской ДАИШтин Батыш каналы боюнча мыйзамсыз келген нефтиси Жер ортолук деңиздеги Түркиянын жээктерине чыгарын айткан. Ал эми түндүк жагынан болсо нефтини кайта иштетүүчү Патма заводуна келсе, чыгыштан Жазри калктуу конушуна келерин кошумчалаган

Эрдоган ошондой эле, "Ислам мамлекетинен" (ДАИШ) Түркия нефть сатып алып жатат деп жалаа жабуу укугуна эч ким ээ эмес, Түркия террордук уюмдан нефти сатып алгыдай өзүнүн намысын жогото элек деп кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0