Колуна мачете кармаган террорчу Лондон метросуна "Бул Сирия үчүн!" деп кол салды

© REUTERS / Neil HallОкуя болгон жер Лейтонстоун метросундагы эксперттер. Архив
Окуя болгон жер Лейтонстоун метросундагы эксперттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча окуядан үч адам жабыр тарткан, анын биринин абалы оор экени айтылып жатат. Улуу Британиянын полициясы бул кадамды теракт катары баалоодо.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мачете менен куралданган адам жекшембиге караган түнү Лондон метросунун жүргүнчүлөрүнө кол салганын Telegraph гезитине таянуу менен РИА Новости билдирет.

Лейтонстоун станциясындагы кол салуунун натыйжасында үч адам жабыркап, анын бири оор абалда экени айтылууда. 

Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери аталган адамды колго түшүрүшкөн.

"Айрым маалыматтар боюнча кол салуудан мурда ал "Бул Сирия үчүн!" деп кыйкырган. Бир адамдын бычак жегени анык болду. Учурда башка жабыркагандар тууралуу маалымат күтүп жатабыз", — дейт жергиликтүү полиция.

Рейтер агенттиги Улуу Британиянын укук коргоо органдары куралчан кол салууну теракт катары баалап жатканын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0