Башар Асад Сириядагы коалиция менен Россиянын аракетин салыштырды

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Сириядагы Хмеймим базасындагы С-400 ракета комплекси. Архив
Россиянын Сириядагы Хмеймим базасындагы С-400 ракета комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирия президенти The Sunday Times басылмасы менен маектешип жатып, өлкөдөгү терроризмге каршы күрөшкө Улуу Британия менен Франциянын катышуусу тууралуу оюн айтты.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Сириянын президенти Башар Асад Россиянын ДАИШке каршы күрөшү коалициянын аракетине караганда бир топ натыйжалуу экенин The Sunday Times басылмасына берген интервьюсунда билдирди.

Өлкө башчы коалициянын операциясына бир жыл толгонун, бул бакыт ичинде террористтик уюмдун арышы ээн-эркин кеңейип келгенин белгиледи.

"Орустар түздөн-түз кийлигишкенден кийинки окуя кандай болду? ДАИШ, "Джебхат ан-Нусра" сыяктуу уюмдар кирерге ийин таппай турушат", — деди Асад.

Муну менен бирге президент Улуу Британия менен Франция өлкө жетекчилигинин уруксатысыз Сирияда аба операцияларын баштап мыйзам бузуп жатканын кошумчалады.

"Бул Сириянын расмий бийлиги менен кызматташуунун шартында гана мыйзамдуу аракет болуп саналат. Чындап келгенде Улуу Британиянын да, Франциянын да терроризм менен күрөшүүгө ниети жок", — деди президент.

Өлкө башчы Сирияда кандуу кагылыш башталгандан тарта террорчуларды колдоп келгендердин арасында Париж менен Лондон да болгонун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0