Обама: АКШ менен Түркия биригип Сириянын чек арасын жабуу боюнча иштеп жатат

© AFP / JIM WATSONАКШ жана Түркия президенттери Барак Обама жана Тайип Эрдоган. Архив
АКШ жана Түркия президенттери Барак Обама жана Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча каналдар жана аларды каржылоонун алдын алуу иштери жасалып жатканын АКШнын президенти Барак Обама Ак үйдө америкалыктарга телеберүү аркылуу кайрылып жатып билдирди.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. АКШ Түркия менен чогуу сирия-түрк чек арасын жабуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын Барак Обама белгиледи.

"Биз Түркия менен биргеликте алардын Сирия менен болгон чек арасын жабуу боюнча иштеп жатабыз", — деди ал.

Обама: Сирияда атышууларды токтотуу АКШ менен РФке ДАИШке каршы күрөшүүгө мүмкүндүк берет
Ошондой эле, согушкерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча каналдардын жана каржылоонун алдын алуу иштери жасалып жатканын кошумчалады.

Өткөн жумада Россиянын коргоо министрлиги ДАИШ торрордук тобунун нефтиси Түркиянын аймагына келип жатканын тастыктоочу материалдарды жарыялаган. АКШнын атайын кызматтары нефтинин аз бөлүгү Түркияга келип жатканын билдирди. Ошол эле учурда АКШнын администрациясы сирия-түрк чек арасынын айрым аймактарын толук жабууга мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0