Россиянын Сириядагы аскердик операциясын француздардын 77 пайызы колдойт

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүРоссияынын СУ-24 учактары Сириянын "Хмеймим" авиабазасында. Архив
Россияынын СУ-24 учактары Сириянын Хмеймим авиабазасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ifop компаниясы тарабынан сурамжылоого алынган француздардын басымдуу бөлүгү россиялык учакты атып түшүргөн Түркиянын аракетине терс баа берерин билдирген.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Франциянын Ifop компаниясы тарабынан Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоосу француздардын көпчүлүгү Россиянын Сириядагы аракетин колдой турганын аныктап чыкты.

Россия Сириядагы ДАИШ террористтик уюмуна өлкө башчысы Башар Асаддын суранычы менен 2015-жылдын 30-сентябрынан тарта авиасокку ура баштаган. РФнын Коргоо министрлиги жана сириялык чалгын кызматынын маалыматы боюнча россиялык соккудан террористтердин инфраструктурасы жабыркап, ДАИШтин негизги ишмердүүлүгү болгон нефть контрабандачылыгына бир топ зыян келтирилген.

"Россиянын Сириядагы аскердик аракеттери тууралуу билесизби" деген суроого француздардын 9 пайызы гана бул боюнча эч кандай кабары жок экенин айткан. Бул франция элинин Россиянын аракеттери тууралуу жакшы кабардар экенин айгинелеп турат. "Россиянын аскердик аракеттерине жеке өзүңүздүн пикириңиз кандай" деген суроого сурамжылоого катышкандардын 12 пайызы гана терс мамилесин билдирсе, 11 пайызы баары бир экенин айткан", — Sputnik агенттигинин маалымат кызматы.

НАТО аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik. Пикирлер: НАТО пункттарынын Европа коопсуздугуна таасири
Мындан тышкары, сурамжылоо учурунда француздардын басымдуу бөлүгү россиялык Су-24 учагын атып түшүргөн Түркиянын аракетине терс баасын берген. "Түркиянын кадамы канчалык деңгээлде акталат деген ойдосуз" аттуу суроого иш-чарага катышкандардын 61 пайызы мындай аракетти таптакыр актоого болбойт деген пикирин билдирген.

Сурамжылоо Sputnik.Пикирлер долбоорунун алкагында Sputnik маалымат агенттиги үчүн Ifop компаниясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 1-3-декабрь күндөрү жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0