ДАИШ кытайча ырдап элди азгырууда

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМаньчжурия шаары, Кытай. Архив
Маньчжурия шаары, Кытай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт мүнөттүк ыр жихадга чакырат. Муну менен ДАИШ "кытай мусулмандарын" өз катарына киргизүүгө аракет кылууда.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. ДАИШ Ак үйдү жардырып, Нью-Йоркто теракт уюштурууга эми кытай тилинде ырдап үндөй баштаганын The Wall Street Journal басылмасынын блогунда маалымдалган.

ДАИШ эл аралык террористтик тобунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ДАИШ согушкерлеринин айлыгы 400 доллардан 300гө кыскарды
Мусулмандарды колуна курал алууга чакырган ыр ДАИШ мүчөсү болгон экстремисттин Кытайда кармалышынан кийин жарыяланган. Басылма "кытай мусулмандарына" арналган "чыгарманы" террорчулар ишенимдүү жана гипноздоо ыкмасында аткарганын белгилейт.

Экстремисттик интернет-ресурстардын мазмунун иликтеген SITE Intelligence Group компаниясы төрт мүнөттүк ыр ДАИШтин негизги үгүт куралы болгон Аль-Хаят медиа-борбору тарабынан чыгарылганын айтууда. Ыр ошол эле жерден "Твиттер" жана Telegram аркылуу жайылып кеткен.

"Ислам мамлекети" (ДАИШ) уюму дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири бул жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0