Түркиядан Европалык паспортторду сатууга шектелгендер кармалды

© flickr.com / Nico KaiserТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын бирөө Түркияда туулган, бирок Бельгиянын жараны. Экинчиси Сириянын жараны болгон. Тергөөчүлөр кармалгандар кандай жолдор менен паспортторду алганын жана аларды кандай максатта колдонууга аракет кылышканын аныктайт.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Түркиянын өкмөтү Стамбулдун аэропортунан толтурулбаган 148 европалык паспортту алып бараткан эки кишини кармады. Шектүү жарандар паспортторду пицца жасоочу жабдууга салып алышканын РИА Новости агенттиги Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттигине шилтеме кылуу менен билдирди.

Путин Түркия тууралуу: ичкен кудугуна түкүрдү
Маалыматка ылайык, кармалгандардын бирөө Түркияда төрөлгөн, бирок Бельгиянын жараны. Экинчиси Түркиянын жараны. Кармалган паспорттор француздардын, немистердин, англичандардын жана ирландиялыктардыкы болгон. Алардын жасалма эмес экени айтылууда.

Учурда кармалган жарандар бул паспортторду кандай жол менен алганы жана кандай максатта колдонууга ниет кылганын тергөөчүлөр аныктап жатат.

EC Frontex чек ара агенттигинин маалыматына ылайык, Европа биримдигине келген мигранттардын саны 1,2 миллион кишиге жеткен. Европа комиссиясы мигранттардын мындай агымын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин болгон эң ири жер кортоуу экенин маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0