Россиянын Красноярск шаарында кыргызстандык сүрөтчүнүн жеке көргөзмөсү өтүүдө

© Sputnik / Александр КряжевКрасноярск шаарына көрүнүш. Архив
Красноярск шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөгө Койчумановдун живопись, графика жанрында тартылган акыркы жылдардагы эмгектери коюлган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Россиянын Красноярск шаарында кыргызстандык сүрөтчү Төлгөбек Койчумановдун "Топурак жыты" ("Запах земли") аттуу жеке көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу "Айтыш-фильм" студиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Маалыматка ылайык, сүрөтчүнүн көргөзмөсү Секач-галереясында ачылган. Ал жакка Койчумановдун живопись, графика жанрында тартылган акыркы жылдардагы эмгеги коюлган.

"Сүрөттөрдөн тышкары Красноярск шаарынын тургундары кыргыз анимациясынын тарыхында биринчи жолу тартылган "Аку" толук метраждуу мультипликациялык тасмасын көрө алат", — деп айтылат "Айтыш-фильм" студиясы тараткан билдирүүдө.

Бул маданий иш-чараны студенттердин "Манас" кеңеши жана Сибирь федералдык университетинин эл аралык башкармалыгы уюштурган. Көргөзмө 2016-жылдын 15-январына чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0