Москвада алты айлык баласын терезеден ыргытып, артынан энеси кошо секирип өлдү

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүМосквадагы диспетчер кызматы. Архив
Москвадагы диспетчер кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Москванын түштүк-батышындагы Новочеремушкин көчөсүндө болгон. Учурда ал жерде тергөө тобу иш алып барууда.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Москвада аял алты айлык баласын ыргытып жибергенден кийин өзү да секирип өлгөн. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоо органдарынын өкүлү Юлия Ивановага таянуу менен жазып чыкты.

Иванованын айтымында, окуя Москванын түштүк-батышындагы Новочеремушкин көчөсүндө болгон.

"Аял алгач алты айлык баласын терезеден ыргытып жиберип, артынан өзү секирип кеткен", — деди ал.

Маалыматка ылайык, учурда кырсык болгон жерде тергөө тобу иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0