Ирактын аскерлери ИМдин террордук тобунун "каржы министрин" кармаганын айтты

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEИрак мамлекетинин аскерлери Эр-рамади шаарында. Архив
Ирак мамлекетинин аскерлери Эр-рамади шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эр-Рамадинин тургундары коопсуздук кызматтарына "Ислам мамлекети" террордук уюмунун "каржы министри" делинген киши шаарда жашынып жатканы боюнча маалымат беришкен. Кийин ал кармалган.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ирактын аскерлери Эр-Рамади шаарын бошотуу учурунда жүргүзүлгөн атайын операцияда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун каржы министринин милдетин аткарып жүргөн жаран кармалганын РИА Новости ирак аскерлерине шилтеме берүү менен билдирди.

"Эр-Рамадинин тургундары коопсуздук кызматтарына "Ислам мамлекети" террордук уюмунун "каржы министри" делинген киши шаарда жашынып жатканы боюнча маалымат беришкен. Кийин ал кармалган", — деп айтылат аскер күчтөрүнүн расмий баракчасында.

Акча жана бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки террорчу Сириядан Кыргызстандагы акчалуу мекендештерин тоноо үчүн кайткан
Дүйшөмбү күнү ирактын армиясы Анвар провинциясындагы Эр-Рамади шаары ИМдин карамаганын толугу менен куткарылганын билдирген. Кийин провинциянын губернатору Сухейб ар-Рави шаар террорчулардан 80 пайызга гана бошотулганын маалымдаган. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Эр-Рамади согушкерлердин колунан толугу менен бошотулбаганын билдирген.

"Ислам мамлекети" торрордук тобу учурда дүйнөгө коркунуч жараткан эң ири торрордук уюмдардын бири. Үч жыл ичинде алар Ирак менен Сириянын бир катар аймактарын басып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0