АКШнын мамдепартаменти Хиллары Клинтондун дагы 5,5 миң электрондук катын ачыкка чыгарды

© AFP / JIM YOUNGАКШнын мурдагы мамкатчы Хиллары Клинтон. Архив
АКШнын мурдагы мамкатчы Хиллары Клинтон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачыкка чыгарылган каттар 2009-жылдан 2013-жылга чейинкилер. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысынын калган каттары кийинки жумада дагы жарыяланат.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаменти Жаңы жыл алдында мурдагы мамкатчы Хиллары Клинтондун 5,5 миң электрондук катын ачыкка чыгарды. Бул каттарды ал өзүнүн жеке серверин колдонуу менен жөнөткөнүн РИА Новости билдирет. 

Ачыкка чыгарылган каттар 2009-жылдан 2013-жылга чейинки каттар.

Клинтондун жашыруун кат алышуусу: Блэр Каддафини коргоого аракет кылган
Дипломатиялык мекеме соттун көрсөтмөсү боюнча 2016-жылга чейин экс-мамкатчынын электрондук кат алышууларынын 82 пайызын (43 миң кат) коомчулукка жарыялашы керек болчу. Бирок аны толук аткара алган жок. Мамлекеттик департармент мындай абалдын жаралышын документтердин көптүгүнө жана майрам күндөрүнө шылтоолоду. Клинтондун электрондук кат алышууларынын калган бөлүгү кийинки жума жарыялана турганын аталган мекемеден билдиришет.

Клинтондун миңге жакын катына "сыр кат" деген гриф берилгенин Politico басылмасы белгилейт.

Клинтон мамлекеттик департаментке 55 миңден ашык барактан турган электрондук каттарын тапшырган. Анын 31 миңин ишине байланыштуу эмес, жеке жашоосуна байланыштуу болгондуктан өчүргөн. Анын мындай кадамын республикачылар менен демократтар катуу сынга алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0