Түштүк Кореянын президенти шектүү жер титирөө боюнча шашылыш жыйын чакырды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүТүштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе. Архив
Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Кореянын коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяда болгон шектүү жер титирөөдөн улам, шашылыш түрдө жыйын чакырды. Жердин термелүүсүн алар өзөктүк сыноолордон улам болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Түштүк Кореянын президенттик администрациясы жакынкы сааттарга Улуттук коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйынын чакырды. Бул жердин кечээки термелүүсүн Түндүк Кореядагы өзөктүк куралдарды сыноолордон улам болушу мүмкүн деп божомолго байланыштуу жасалууда. Мындай маалыматты YTN телеканалы таратты. 

Түштүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Корея бийлиги Түндүк Корея менен коюн-колтук алышууга шашылбай турат
Буга чейин Түштүк Кореянын жалпыга маалымдоо каражаттары Янгандо провинциясындагы Пхунгери өзөктүк полигонунун аймагында 4,2 магнитудалык жасалма жер титирөө болду деп жазып чыгышкан. 

Рёнхап маалымат агенттигинин маалымдаганына караганда, Кореянын президенттик администрациясы абалды иликтеп, анын ичинен "өзөктүк куралдарды сыноо мүмкүндүгүн" да карап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0