Сеул менен Вашингтон Корей жарым аралына АКШ аскерин жайгаштырууга белсенүүдө

© flickr.com / Carlos Menendez San JuanАКШнын В-52 бомбардировщиги. Архив
АКШнын В-52 бомбардировщиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Корей жарым аралында америкалык куралдуу күчтөрдү жана стратегиялык каражаттарды жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат Түндүк Корея суутек бомбасын сынаганы тууралуу жар салган күндүн эртеси пайда болду.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Түштүк Корея АКШ менен Корей жарым аралына америкалык куралдуу күч жана стратегиялык каражаттарды жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Аталган аймакка кайсы стратегиялык каражат жайгашары азырынча белгисиз. 

АКШ менен Түштүк Кореянын сүйлөшүүсү тууралуу маалымат Түндүк Корея суутек бомбасын сыноодон өткөргөнүн жар салган күндүн эртеси пайда болгон. Эл аралык коомчулук Пхеньяндын аракетин кескин сынга алып, аймактагы кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0