Түндүк Корея суу алдындагы кемеден ракетаны кантип учурганын жаңы видео менен көрсөттү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын аскер кызматкерлери желек менен. Архив
Түндүк Кореянын аскер кызматкерлери желек менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыноочу куралды болжол менен 21-декабрда учурушкан. Видеодо ракета ылдамдык менен асманга көтөрүлүп, артынан жарк эткен гана чекитти калтырып, булуттарды жиреп кеткендиги көрүнүп турат.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Түндүк Корея суу алдындагы кемеден баллистикалык ракетаны учуруп, сынагандыгын жар салган жаңы видеону көрсөттү. Бул болжол менен 21-декабрда жасалган. 

Видео Түндүк Кореянын борбордук телеканалынан көрсөтүлдү. Ал былтыркы жылдын май айында жасалган сыноодон айырмаланып турат деп жазат РИА Новости.

Жаңы роликте ракета асманга тик көтөрүлсө, ал эми май айындагысында бурчу 45 градусту түзүп, андан соң деңизге кулап түшкөнү көрсөтүлгөн эле. Эксперттер былтыркы жаздагы сыноону ийгиликсиз болду деп эсептешкен.

Түштүк Корея согушка даярдыгын күчөттү
Ал эми жакынкы аралыкта чыккан видеожазууда күнү көрсөтүлгөн эмес, бирок, болжол менен ал 21-декабрда машыгуулар мезгилинде учурулган. Бул датаны Washington Free Beacon басылмасы жазып, шейшемби күнү аталган өлкөдө Япон деңизиндеги Синпхо портунда ракета сыналгандыгын кабарлаган. Анда сыноо ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу аскерий булактарга таянган маалыматтар жарыяланган. 

Видеодо Кореянын азыркы лидери Ким Чен Ын пальто, башына шляпа кийип турат. Ракета ылдамдык менен асманга көтөрүлүп, артынан жарк эткен гана чекитти калтырып, булуттарды жиреп кеткендиги көрүнөт. 

Баяндамачылар аталган ролик Түндүк Кореянын армиясынын канчалык кубаттуу экендигин жана мүмкүнчүлүгү улам өсүп бара жаткандыгын көрсөтүп турат деген пикирди айтышууда. Алар өзөктүк куралды сынаган бул окуя дүйнө коомчулугу менен өлкө жарандарына катуу таасир калтырат деп эсептешет.

Буга чейин Түштүк Кореянын коопсуздук кеңеши менен Япония Түндүк Кореяда болгон шектүү жер титирөөдөн улам, шашылыш түрдө жыйын чакырган. Коомчулук да бул жагдайга тынчсыздангандыгын билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0