Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Түркия виза режимин киргизе турганы боюнча Кыргызстанга расмий билдирүү бере элек

Түркия качкындар маселесин чечүү үчүн Европа биримдиги менен шерттешкен келишимдин негизинде июнь айынан тарта 89 мамлекет менен болгон визасыз режимди жокко чыгарат деген маалыматтар таратылууда. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Түркия кыргыз тарапка виза режимин киргизе турганы боюнча расмий маалымдай элек. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Суеркулов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Эске салсак, Түркия качкындар маселесин чечүү үчүн Европа биримдиги менен шерттешкен келишимдин негизинде июнь айынан тарта 89 мамлекет менен болгон визасыз режимди жокко чыгарат деген маалымат таратылууда. Бул мамлекеттердин катарында Кыргызстан, Казакстан, Түрмөнстан, Иран, Россия баштаган 89 өлкө бар.

Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча январь-ноябрь айларында Түркияга бул мамлекеттердин 10 миллионго жакын турист келген. Ал эми бул убакыт ичинде Түркияга келген туристтердин жалпы саны 34,8 миллион кишини түзгөн. Эми бул туристтердин 30 пайызы өлкөгө кирүү үчүн виза алууга мажбур болот.

Белгилер:
виза, Нурлан Суеркулов, Кыргызстан, Түркия
Тема боюнча
Түркия 89 өлкө менен болгон визасыз режимин жокко чыгарат. Анын ичинде Кыргызстан да бар
БУУнун желеги. Архив

БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстан сунуштаган демилгени бир добуштан колдоду

(жаңыланган 17:51 20.04.2021)
Расмий Бишкек демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан демилгелеген "Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" деп аталган жаңы резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

75-сессиянын пленардык жыйынында БУУнун Башкы ассамблеясы резолюцияны бир добуштан кабыл алган.

Резолюциянын негизги максаты — 2030-жылдын күн тартибин ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү принциптерине негизделген жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен биргелешкен иштерди жүргүзүү. Муну менен келечек муунду таза, коопсуз жана туруктуу чөйрө менен камсыз кылуу боюнча биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тармагында чек ара кызматташтыгын бекемдөө.

Долбоорго БУУнун Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Көчүп жүрүүчүлөр түрлөрү боюнча конвенциясы, Рамсар конвенциясы жана Германиянын Коргоо союзу (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдар өз баасын берип колдоого алган.

"Резолюциянын бир добуштан кабыл алынып, дүйнөнүн 60 мамлекетинин авторлош болушу демилгенин актуалдуулугун далилдеп, мындан ары илгерилетүүгө колдоо көрсөтөрүн тастыктайт. Бул Кыргызстандын экология жаатында жогору бааланган ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болду. Буга чейин ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йоркто БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүүнү сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет. Тизме менен Тышкы иштер министрлигинин сайтынан таанышууга болот.

Белгилер:
чек ара, жаратылыш, резолюция, демилге, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО директорун КРдеги чокуга чыгууга чакырып, макулдугун алды
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш. Архив

Гутерриш дүйнө туңгуюкка кептелгенин айтып, эл башчыларына сунуш берди

(жаңыланган 16:14 20.04.2021)
Эл аралык уюм былтыр токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригенин айтып, климат ушул боюнча кете берсе дүйнө алапайын таппай каларын айткан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Reuters агенттигине берген маегинде дүйнө туңгуюкка кептелип баратканын билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк метеорологиялык уюм 2020-жылы токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригени боюнча отчёт берген. Мындай көрүнүш тарыхта сейрек кездешери айтылат.

"Биз жоголуп кетүү коркунучунда турабыз. Тропикалык бороон-чапкындардын, глобалдык жылуулуктун кесепетинен муз менен мөңгүлөрдүн эриши, токой өртү боюнча рекорддук деңгээл байкалууда. Илимий коомчулук тарабынан аныкталган кооптуу 1,5 градуска жетебизби деп турам", — деген БУУ өкүлү.

Мындай жагдай климаттын кескин өзгөрүшүнөн ансыз да жапа чеккен миллиондогон адам үчүн бөтөнчө кыйынчылык жаратарын кошумчалаган.

Гутерриш дүйнө лидерлерин аталган документ менен таанышууга чакырып, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө үндөдү.

Белгилер:
климат, жаратылыш, дүйнө, Антониу Гутерриш, БУУ
Тема боюнча
БУУнун катчысы кансыз согуштун алдын алуу жолун айтты
Сокулук музыкалык мектебинин окуучусу Адинай Жумакадырова комуз белекке алды

Президенттен комуз сураган Адинай белегин алды. Сүрөт

(жаңыланган 19:10 20.04.2021)
Өзүмдүн өрүк комузум болсо деп кыялданган окуучу кыз президентке кат жазып көрүүнү чечкен. Мамлекет башчы Адинайдын өтүнүчүн жоопсуз калтырган жок.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

  • Заведующий отделом Аппарата Президента Кудайберген Базарбаев подарил ученице Сокулукской музыкальной школы Адинай Жумакадыровой от комуз. 20 апреля 2021 года
    Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Ученица Сокулукской музыкальной школы Адинай Жумакадыровой играет на подаренном от имени президента комузе. 20 апреля 2021 года
    Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды

Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган.

Бүгүн, 20-апрелде, президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, президенттин атынан ага комуз белек кылды.

"Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Комуз өрүктөн жасалган. Мамлекет башчы Адинай мыкты музыкант болуп, эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди", — деди Базарбаев.

Ал эми жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы болгонун айтты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Адинай бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, президенттен суроону чечкен. Көп өтпөй эле комуз белекке берилери жөнүндө кабарлашты", — деди ал.

Адинай аспапка аяр мамиле жасап, көрүнүктүү комузчу болуш үчүн болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Белгилер:
аспап, Нооруз, комуз, Садыр Жапаров, президент, Сокулук
Тема боюнча
Жапаров: Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон