Өз сүрөтүнө ыраазы болбогон кылмышкер полицияга жакшы тартылган сүрөтүн жиберген

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШдагы полиция кызматкерлери. Архив
АКШдагы полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция издөөдө жүргөн кылмышкерге жиберген сүрөтү үчүн ыраазычылык билдирип, колго түшүп берүүгө чакырды.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Лайм шаарынын (АКШ, штат Огайо) полициясы тарабынан издөөгө алынган 45 жаштагы кылмышкер Дональд Пью полицияга жакшы тартылган селфи-сүрөтүн жибергенин BBC телеканалы маалымдайт.

Кылмышкер аны издөө үчүн жарыяланган сүрөтү начар экендигин көргөндөн кийин полицияга жакшысын жиберүүнү чечкен.

Мунусун Пью "бул менин жакшы тартылган сүрөтүм, өткөндөгүсү начар болчу", — деп түшүндүргөн. 

Ал ортодо Лайм шаарынын полиция департаменти издөөдө жүргөн Дональд Пьюнун жаңы жана эски сүрөттөрүн өзүнүн Facebook социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.

There is an active warrant for the arrest of Donald A "Chip" Pugh, age 45 of Lima, for Failure to Appear. Mr. Pugh is…

Опубликовано Lima Police Department 6 января 2016 г.

"Бул сүрөттү бизге Пью өзү жөнөттү. Биз ага рахмат айтабыз, эгер ал полиция бөлүмүнө келсе, андан дагы ыраазы болот элек", — деп билдирет полиция.

Чип лакап аты менен белгилүү Дональд Пью бир нече олуттуу беренелер боюнча айыпталууда. Алардын ичинде өрт чыгаруу жана вандализм бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0