Атамбаев Стамбулдагы жардыруудан өлгөн туристтерге байланыштуу Меркелге көңүл айтты

Жазылуу
Жардыруу 12-январь күнү эртең менен Султан Ахмед аянтындагы трамвай аялдамасында болгон.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Стамбулдагы жардыруудан немис туристтеринин курман болгонуна байланыштуу Германиянын Федералдуу президенти Йоахим Гаукка жана Федералдуу канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 12-январь күнү эртең менен Султан Ахмед аянтындагы трамвай аялдамасында жардыруу болгон. Окуя болгондон кийин аталган аймак курчоого алынып, коопсуздук чаралары көрүлгөн. Кырсыктан 10 киши каза болуп, алардын баары германиялык туристтер экени аныкталган.

"Кыргызстан бул кыянат террорчулукту чечкиндүү айыптап, террорчулук аракеттер жол берилгис жана эч бир актоого жатпайт деп эсептейт", — деп айтылат президенттин телеграммасында. 

Өлкө башчы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүн жолдоду.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан маалымдашкандай, жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0