Пентагон башчысы Парижде "Ислам мамлекетине" каршы күрөштүн жолдорун талкуулайт

© AFP / STAFFПентагон штаб квартирасы. Архив
Пентагон штаб квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Коргоо министри Франция, Австралия, Германия, Нидерланддар, Италия жана улуу британиялык кесиптештери менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. АКШнын Коргоо министри Эштон Картер Парижде кесиптештери менен "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы күрөштүн стратегиясын талкуулайт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Эл аралык терроризмге каршы коалиция аталган уюмду жок кылуу үчүн көп иштерди жасашы керек. Бул маселени талкуулоо үчүн мен келерки аптада Франция, Австралия, Германия, Нидерланддар, Италия жана улуу британиялык кесиптештерим менен жолугам",— деп билдирди ал АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Тампа шаарындагы (Флорида штаты) штаб-квартирасында өткөн маалымат жыйынында.

Картер АКШ лидери Барак Обамага "жакынкы арада улуттук коопсуздук боюнча команданын башка мүчөлөрү менен "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүү туурасындагы жаңы маалыматтарды берерин" айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0