Енисейдин түбүнөн 20 жыл мурун автоунаасы менен жоголгон бүлөнү табышты

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүЕнисей дарыясынан өткөрүлгөн көпүрө. Архив
Енисей дарыясынан өткөрүлгөн көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Красноярск аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери суу түбүндө машыгып жаткан учурда ылайга отуруп калган автоунааны тапкан.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Енисей дарыясынын түбүндө суу алдындагы машыгууларды жүргүзүп жаткан ӨКМ кызматкерлери Абакан шаарына кеткен агымынан эркек менен аялдын сөөгү бар автоунааны тапкан. Бул болжол менен мындан 20 жыл мурда белгисиз болуп кеткендердин сөөгү болушу мүмкүн деп жазды РИА Новости.

"Суунун түбүнөн ылайга отуруп калган автоунааны, анын ичинен эки кишинин сөөгүн табышкан. Болжол менен алар 1995-жылы белгисиз жоголду делген 1957-жылы туулган эркек киши менен 1965-жылы туулган аял болушу мүмкүн", — деп билдирген. 

ИИМдин Красноярск аймагы боюнча жетекчиси Владимир Юрченко.

Орган өкүлү алардын жоголгон фактысы боюнча, 1996-жылы кылмыш иши козголгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0