Космосто өстүрүлүп жаткан астра гүл ачты

© NASAМКС. Архив
МКС. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декабрь айында NASA астронавты Скотт Келли өстүрүү үчүн экипаж космоско алып чыккан астра-цинния соолуп калгандыгын билдирген. Эми алар гүл урук байлай алабы жокпу текшерип көрмөй болушту.

БИШКЕК, 18-янв — Sputnik. Эл аралык космостук станциянын бортунда алып барышкан астра гүлдөдү. Бул туурасында NASA астронавты Скотт Келли Twitter

"Космосто биринчи ирет өсүмдүк гүл ачты!",— деп жазып, гүлдөгөн астра-цинниянын сүрөтүн жайгаштырган. 

Декабрдын аягында космосто бул жааттагы тажрыйба ийгиликсиз болуп, алып барган гүл капыстан эле соолуп калган. Максат – космосто өсүмдүк өсүп кете алабы, жокпу аныкташ керек эле. 

Айдын горизонтунда тартылган жердин сүрөтү. - Sputnik Кыргызстан
Айдын горизонтунда тартылган жердин сүрөтү — НАСА кайталангыс фото жарыялады
Алар бир жылга чукул убакыттан бери космосто өсүмдүк менен жашылча өсөөрүнө эксперимент жүрүгүзүп келет. Биринчи алып барган капусталар кадимкидей өскөндөн кийин, аларды тоңдуруп изилдөө үчүн кайра жерге жөнөтүшкөн. Окумуштуулар "космикалык" капуста жегенге жарактуу экендигин аныктап чыккан. Ал эми былтыркы жылдын август айында космонавттар экинчи "түшүмдү" өздөрү ооз тийген.

Эми астронавттар гүл ачкан астра чаңдашып, урук байлай алабы, жокпу байкоо жүргүзүп турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0