Биз сыймыктангандар. Кыргызстанды дүйнөгө даңазалаган 10 инсан

Жазылуу
Чет элдик ЖМКларда Чыңгыз Айтматов жөнүндө кеп боло калса, сиз да сыймыктанасызбы? Ал эми Ая аттуу ырчынын авазын биринчи кайрыктарынан эле тааныйсызбы?

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кээде алар ушунча атактуу болуп кетип, түпкү теги кайда экенин башка өлкөлөрдө унутуп коюшат. Sputnik дүйнөнү Кыргызстан жөнүндө кеп кылууга мажбурлаган инсандар жөнүндө айтып берет.

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүБизин кенчибиз – жазуучу Чыңгыз Айтматов
Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Бизин кенчибиз – жазуучу Чыңгыз Айтматов

Бизин кенчибиз – жазуучу Чыңгыз Айтматов. Айрым рейтингдерде ал замандын эң көп окуучу автору деп аталып жүрөт. Жазуучунун китептери жүздөгөн тилдерге которулган, ал эми сыйлык-наамдарынын баарын атоого кагаз бети түтчүдөй эмес.

© AFP / TONY RANZEКыргызстандын жана Россиянын баатыры Салижан Шарипов
Космонавт Салижан Шарипов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жана Россиянын баатыры Салижан Шарипов

Ош облусунда төрөлгөн адамдын дүйнөгө белгилүү космонавт болгонго канчалык мүмкүндүгү бар дейсиз? Салижан Шариповдун аркасы менен Кыргызстан космос мейкиндигин өздөштүрүүчүлөрдүн катарына кошулду. Ал азыр Кыргызстандын жана Россиянын баатыры.

© Sputnik / Дмитрий Донской / Медиабанкка өтүүМосквадагы Олимпиадада алтын байгени утуп, дүйнөнү дүңгүрөткөн Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев, кандидат в члены олимпийской сборной команды СССР по тяжелой атлетике - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы Олимпиадада алтын байгени утуп, дүйнөнү дүңгүрөткөн Каныбек Осмоналиев

Ыкчамыраак! Жогору! Күчтүүрөөк! Биздин балбан, оор атлет Каныбек Осмоналиев 1980-жылдагы Москвадагы Олимпиадада алтын байгени утуп, дүйнөнү дүңгүрөткөн. Биздин сыймыгыбыз!

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко
Премьер-министр РФ Владимир Путин провел заседание правительственной комиссии по оказанию помощи семьям погибших в результате крушения теплохода Булгария. - Sputnik Кыргызстан
Россиянын башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко

Россияга башка өлкөлөрдөн кайсы азык-түлүк алып кирсе болор-болбосун ким чечет, билесизби? Өзүнүн талапты катуу койгондугу жана өжөрлүгү менен белгилүү, Россиянын башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко да биздин жердешибиз. Ал Ош облусунун Чаңгыр-Таш айылында туулган.

© AFP / CARSTEN REHDERИспаниянын "Сьюдад – Реаль" командасын машыктыруучусу Талант Дүйшөбаев
Личности, прославившие Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Испаниянын "Сьюдад – Реаль" командасын машыктыруучусу Талант Дүйшөбаев

Кыргыз жери көрүнүктүү спорт чеберлерин да бапестеп өстүрдү. Кыргыз гандбол мектебинин тарбиялануучусу Талант Дүйшөбаев алардын бири. Анын көп жетишкендиктеринин ичинде Олимпиада оюндарындагы алтын байге да бар. Ал азыр гандбол боюнча Испаниянын "Сьюдад – Реаль" командасын машыктырат.

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүү"Город 312" тобунун ырчысы Светалана Назаренко(Ая)
Праздник в Цирке на проспекте Вернадского в День защиты детей - Sputnik Кыргызстан
"Город 312" тобунун ырчысы Светалана Назаренко(Ая)

Москвада жергиликтүү жана башка дагы ырчылар, топтор менен теңтайлаша иштеп келе жаткан "Город 312" рок-тобу менен биздин жердешибиздин Светлана Назаренко. Сахнадагы аты – Ая. Алар көгүлтүр экрандан чыкканда же ырларын Россиянын аймагында жүрүп укканда сыймыктанбай коё албайсың. Топко анын аталышы үчүн өзүнчө рахмат айтабыз: 312 — Бишкектин эл аралык телефондук коду эмеспи. 

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБелгилүү украин мушкери жана Киевдин мэри Виталий Кличко
Бокс. Поединок между В. Кличко и М. Чарром - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү украин мушкери жана Киевдин мэри Виталий Кличко

Белгилүү украин мушкери жана Киевдин мэри Виталий Кличко да биздин жердеш. Виталий Беловодское айылында туулган, азыр болсо саясат менен алектенип, эл алдында чыгып сүйлөгөнү менен анда-санда өзүн эл аралык коомчулуктун эсине салып турат.

Be yourself. Be different. @shoptiques

Фото опубликовано olgavidisheva (@olgavidisheva) Дек 14 2013 в 9:09 PST

Ольга Видишева – өзүнүн ишкердик жөндөмү менен таанылган кыргызстандык. Бул кыз, ал тургай, Forbes версиясы боюнча дүйнөнүн 30 ийгиликтүү жаш ишкерлердин катарына кирген. Ольга АКШнын дүкөндөрүнөн буюм сатып алууга мүмкүндүк берүүчү Shoptiques коммерциялык интернет-долбоорун түзгөн. Ал азыр Америка менен Европанын рынокторуна ийгиликтүү иштеп жатат.

"Универ" сериалынын сценаристи, "Stand Up" шоусунун катышуучусу Юлия Ахмедова Бишкектин четинде жайгашкан Кант шаарынан. Ошондуктан, анын аялдын бактысыз тагдыры жөнүндө монологдорун өзгөчө менен эске салабыз. Москвалык эркектер, биздин Юлянын көңүлүн оорутпагыла!

© Фото / пресс-служба тайского бокса КРМуай-тай боюнча дүйнөнү чемпиону Валентина Шевченко
Валентину Шевченко признали лучшей женщиной-тайбоксером - Sputnik Кыргызстан
Муай-тай боюнча дүйнөнү чемпиону Валентина Шевченко

Тай бокс силерге оюнчук эмес! Муай-тай боюнча дүйнөнү чемпиону Валентина Шевченко биздин мекендешибиз. Бишкектик кыз дүйнө боюнча "Аялдар арасында мыкты тайбоксчу" наамын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0