Сириядагы операцияга катышкандарга "ардагер" макамын берүү каралууда

Жазылуу
Сунушталган мыйзам долбоору Мамлекеттик дума жактырган күндөн тартып күчүнө кирет.

БИШКЕК, 20-янв. – Sputnik. Сириядагы согушкерлерге каршы операцияга катышкан аскерлерге "ардагер" наамын берүү тууралуу мыйзам долбоору бардык ведомстволор тарабынан колдоо тапты. Бул тууралуу Россиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков билдиргенин РИА Новости жазды.

Бул маселени чечүү тапшырмасын өткөн жылдын күз айларында Россия президенти Владимир Путин министрлер кабинетине тапшырган.

"Мыйзам долбоору даяр болуп калды. Менин оюмча бир нече убакыттан кийин күчүнө кирет", — деп билдирди Панков.

Министрдин орун басары Мамдума мыйзам долбоорун колдоп берерине үмүт артаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0