Молдовада оппозициянын жаңы өкмөткө каршы митинги уланууда

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКишиневдогу протест.
Кишиневдогу протест. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ парламенттин жанында массалык башаламандык болгон. Бүгүн каршылык акциялары уланып, ага 1000ден ашуун киши катышып жатканы айтылууда. Парламенттин имараты полиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кишиневдо эки күндөн бери жаңы өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп жатканын Sputnik Молдова сайты билдирди.

Мечиттин курулушу Австралиядагы митингдердин себепчиси болду
Кечээ Демократиялык партиянын өкүлү Павел Филипке Молдова өкмөтүн жетектөө үчүн мандат берилген. Анын дайындалышына макул болбогон оппозиция каршылык акциясына чыгып, ал массалык баш аламандыкка айланып кеткен. Митингчилер парламентти басып алууга аракет жасашкан. Акциялар бүгүн да улантылды.

Парламент имаратынын алдында 1000дей киши чогулган. Учурда митинг тынч өтүүдө. Ага катышкандар Молдованын желектерин көтөрүп турушат. Чатыр шаарчасында бут коерго жер жок экени айтылууда. Жол кыймылы токтотулган. Нааразы болгон элдин дагы бир агымынын келиши күтүлүп жатат. Имарат толугу менен полициянын курчоосуна алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0