АКШдагы миңдеген авиакаттамдар кечинде калың жаай турган кардан улам токтоду

© REUTERS / KEVIN LAMARQUEВашингтондогу аэропорт. Архив
Вашингтондогу аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылымга тете убакыттан берки калың кар АКШ Атлантика жээктерине бүгүн түнү жаайт. Божомолдорго ылайык, дээрлик 60 сантиметрге жеткен кар Вашингтон, Нью-Йорк, Филадельфия, Балтимор жана Шарлотт шаарларына түшөт.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Америкалык авиакомпаниялар жума катуу жаай турган кардан улам миңдеген авиакаттамдарды токтотууга мажбур болду.

Тыным албаган грейдерчи. Түп — Кеген жолундагы калың кар
Алсак, United авиакомпаниясы АКШнын ортоатлантикалык аймагында саат 16.00дөн баштап бардык учууларды токтотконун жар салды. Башка компаниялар да ушундай эле аракеттерге барышы мүмкүндүгү айтылууда. Ондогон аэропорттор каттамдардын токтотулушу ыктымал экендигин эскертип жатышат. 

Жума жана ишемби күндөрү АКШнын Атлантика жээгинде калың кар түшүп, айрым жерлерде анын 60 сантиметрге чейин жетүүсү мүмкүн. Бул 1922-жылдан берки жаңы рекорд болмокчу. Кар баарынан көп Вашингтон, Нью-Йорк, Филадельфия, Балтимор жана Шарлотт шаарларына жаашы күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0