Соростун божомолунда Россиянын алтын запасы эки жылга кенен жетет

© Sputnik / Илья Матусихис / Медиабанкка өтүүАмерикалык финансист Жорж Сорос. Архив
Америкалык финансист Жорж Сорос. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн эл аралык резерви 1,3 эсеге кыскарганы менен экономикалык каатчылыктан өтүүгө кору жетиштүү. Мындай пикирин америкалык финансист Сорос билдирген.

БИШКЕК, 22-янв. – Sputnik. Америкалык финансист Жорж Соростун божомолу боюнча экономикалык каатчылыктан өтүү үчүн Россиянын эл аралык резерви жетиштүү. "Ал резерв эки жылга жетет", — деп билдирген филантроп Блумберг агенттигине берген маегинде. 

Бейшемби күнү Россиянын банкы эл аралык резервдин кору 15-январга карата 368,3 миллиард долларды түзгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, Россиянын чет элдик активдери доллар менен сакталган.

Эске салсак, 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиянын эл аралык резерви 1,3 эсеге кыскарып, 385,46 миллиард долларды түзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0