Чехия жарандарынын үчтөн эки бөлүгү качкындарды кабыл алууга каршы

© Sputnik / Сергей Строителев / Медиабанкка өтүүТемир жол вокзалындагы мигранттар. Архив
Темир жол вокзалындагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча, Чехиянын 82 пайыз жараны качкындар мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратаарын билдиришкен.

БИШКЕК, 23-янв. – Sputnik. Чехтердин 60 пайыздан ашыгы мыйзамсыз мигранттарды өлкөгө киргизүүгө каршы чыгышты. Дагы 30 пайызы макулдуктарын берүүгө даяр, бирок убактылуу гана. Бул тууралуу Чех радиосу Граждандык борбор жүргүзгөн сурамжылоо жыйынтыгына таянып айтты. 

"Жарандардын эки гана пайызы качкындарды толук кабыл алууга макул экендиктерин билдиришкен. Ал эми каршы жарандардын саны дагы сегиз пайыздан ашты", – деп айтылат маалыматта. 

Норвегияда качкындарды Россияга жөнөтүү үчүн велосипед чогултушууда
Чехиянын 82 пайызга жакын жараны качкындарды мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч катары көрөт. Андан да көбүрөөк жарандар качкындар бүтүндөй Европага коркунуч жаратат деген пикрилерин билдиришкен.

Маалыматка ылайык, жарандар качкындарды катуу талкууга алып жатат. Акыркы 10 жыл аралыгында Европада болуп өткөн бир дагы окуя мындай талкууну жарата алган эмес.

Ал эми Украинада сурамжылоого катышкан жарандардын 43 пайызы бозгундарды кабыл алууга макул экендиктерин билдирген. 

Сурамжылоо жүргүзгөн Атуулдук борбордун берген маалыматына караганда Польшалыктардын 53 пайызы качкындарга каршы чыккан. Ал эми Венгрияда каршылык көрсөткүчү 32 пайызды көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0