БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Москва Россиянын АКШдагы ардактуу консулдардын аккредитациясын чакыртып алуу боюнча Вашингтондун чечими түшүнбөстүк жаратып жатканын РФ ТИМнын расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Маалыматка ылайык, АКШ Калифорния, Юта, Миннесота, Флорида жана Пуэрто-Рико штаттарында жайгашкан россиялык консулдуктарды жабуу ниетинде.
"Аккредитацияны чакыртып алуудан тышкары, консулдарга кылмыш ишин козгоо кооптуулугу бар", — деди Захарова.
Дипломат АКШ бул чечимине эки тараптуу мамилелердин чыңалышына Россия себепкер деген жүйө келтириши акылга сыйбай турганын белгиледи.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Африка өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен Гвинея президенти Альфа Конде коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасын алгандыгын "Известия" кабарлады.
"Мамлекет башчы менен кошо өкмөттүн мүчөлөрү да "Спутник V" вакцинасын алды", — деп жазган басылма.
Гвинеянын мамлекеттик телеканалы өткөн аптада Альфа Конде өзүнүн борбордук сарайында COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын сайдырып жатканы боюнча репортаж жасаган.
Сюжетте мамлекеттин башчысы коронавируска каршы күрөштө жарандарга үлгү болгон кадам жасаганы айтылган. Портал эмдөө сынамык вакцинациялоонун экинчи этабынын алкагында болгонун кабарлаган.Гвинея Африка өлкөлөрүнүн ичинен "Спутник V" вакцинасын колдоно баштагандардын бири болду. 30-декабрда аталган өлкөнүн жогорку кызматта турган жетекчилеринин тобу россиялык вакцинаны сайдырышкан.
Россия лиреди Владимир Путин 11-августта Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирусту алдын алуучу дарыны иштеп чыгып каттоого алганын жар салган. Вакцина "Спутник V" деп аталган. Бул вакцина Россия, Беларусь, Сербия, Аргентина жана Боливия мамлекеттеринде жактырылган. Учурда аны өз жарандары үчүн алууга ынтызар болгон мамлекеттердин саны арбып бара жатат.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мушкерлер UFC уюмунун чемпиондук куруна татыктуу экенин чындап көрсөтө алышса октагонго кайтам. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов лиганын президенти Дана Уайтка билдиргенин Eurosport жазды.
Ишемби күнү Уайт менен Нурмагомедов жабык эшик артында сүйлөшүштү. UFC башчысынын айтымында, ага Хабиб спортто жетиштүү ийгиликти багындырганын, кайра кайтууга шык бере турчу деле нерсе жок экенин билдирген. Бирок ал Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин, Дэн Хукер менен Майк Чендлердин кармашына көз саларын белгилеген.
"Жеңил салмактагы ушул беттештерди көрөйүн деп күтүп жатам. Балдар кызыктуу кармаш тартуулап, мага чыныгы атаандаш экенин көрсөтө алышса сегиз бурчтукка кайтам", — деген Нурмагомедов.Россиялык мушкер октябрда америкалык Жастин Гэтжини утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.
Нурмагомедов дагы UFC жетекчиси анын октагонго кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатканын билдирген.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган конушта өрт саат 13:00 чамасында чыгып, ага ӨКМден эки бөлүм тартылган.
Жабыркагандар жана каза тапкандар жок. Өрттүн себеби такталууда.