БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдө жекшемби күнү 10 күндүк тыюу салуудан кийин тамекилер кайтадан сатылып баштаганын РИА Новости билдирди.
Ашхабаддагы дүкөндөрдүн биринин сатуучусу билдиргендей, тамекилерди сатыкка ишемби күнү түндө алып келип башташкан.
Ал эми коммерциялык дүкөндөр тамекини "тааныштарына" гана сатууда. Бир катар дүкөндөрдө тамеки түгөнүүдө. Дагы тыюу салынат деп чочулаган тургундар тамекини көп сатып алышууда.Учурда Ашхабадда бир куту тамеки 9,5-11 манаттан сатылууда (учурдагы эсептөө боюнча 1 доллардын курсу 3,5 манатка барабар). Учурда кымбат тамекилер сатылбай эле турганы маалымдалат. Алар биринчи күндөн баштап алып келинет. 12-январда күркөлөрдөн тамекилер алынгандан кийин анын баасы эки эсе кымбаттап 20-30 манатка чейин жеткен болчу.
Түркмөнстанда тамекиге байланышкан маселе коопсуздук боюнча мамлекеттик кеңештин 5-январындагы жыйынынан кийин башталган. Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов коомдун саламаттыгын сактоо боюнча мамлекеттик кызматтын ишмердигин сынга алган. Бул кызматтын бир катар жетекчилерине сөгүш жарыяланган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин YouTube каналындагы Геленджиктеги хан сарай боюнча тасма менен 23-январдагы макулдашылбаган акциялар боюнча үн катты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Путин Россиядагы студенттердин күнүнө арналган онлайн-жолугушууда Алексей Навальный даярдаган "иликтөө" тууралуу суроого жооп берип жатып, бул тема көптөн бери апыртылып келе жатканын, ага азыр элдин башын айлантууга ыңгайлуу убакыт экенин билдирген.
РФ лидери убакыттын тардыгынан тасманы толук көрбөгөнүн, жардамчылары даярдап берген видео топтомдорго көз чаптырганын айткан.
"Бул суроого дароо эле жооп берейин. Меники деп көрсөтүлгөн мүлктөр мага дагы, туугандарыма дагы тиешеси жок жана болгон да эмес. Эч качан. Кагаз жүзүндө ыйгарылган нерселердин дагы далили жок. Ошол жактагы бассейнде түшкөн сүрөтүмдү чыгарышыптыр. Ал негизи 2016-жылы Енисейде тартылган, анан атайын монтаждап коюшкан. Башкачараак нерсени ойлоп тапканга акылдары жетпептир", — деген Путин.
Мындан тышкары, Россиянын президенти 23-январда ар кайсы шаарлардагы макулдашылбаган акцияларга токтолду. Анын айтымында, жарандар саясий ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө, өз пикирин билдиргенге жана аны жайылтууга укуктуу. Бирок бардыгы мыйзам чегинде болушу керек.
"Ошондой эле укук коргоо органдары да мыйзамдын чегинде иш алып барышы керек. Алар Россиянын элине жана мамлекетине кызмат кылууга милдеттүү. Ушундай жол менен алдыга жыла алабыз деп ишенем", — деди Путин.23-январь, ишемби күнү Россиянын ар кайсы шаарларында Навальныйдын тарапташтарынын макулдашылбаган нааразычылык акциялары өттү. Мыйзамсыз аракеттерди токтотууда кеминде 39 коопсуздук кызматкери жаракат алды.
Полиция биринчи кезекте бетин толугу менен жашыргандарды колго түшүрдү. Кармалгандардын саны боюнча азырынча расмий маалымат жок.
Франциянын Лион шаарында дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Бул тууралу The Guardian басылмасы жазды.
Трансплантация 13-январда Эдуард Эррио атындагы клиникада жүргүзүлдү. Операцияга даярдык көрүүгө 50 ак халатчан тартылса, аны жасоого медиктердин төрт бригадасы катышып, колдорду "жамоо" 15 саатка созулган.
48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жылы мурда электр тогуна урунуп, эки колунан тең ажырап калган. Андан бери ондогон операция жасаткан. Бейтап Лионго 2013-жылы операция жасатууга уруксат алгандан кийин көчүп келген. Бирок донорду издөөгө бир нече жыл кеткен.Операциядан кийин оң колу сол колуна караганда батыраак калыбына келерин айтышкан. Себеби сол жак ийиндин бардыгын калыбына келтирүүгө туура келген.
Азырынча Феликс Гретарсон колдору менен өз алдынча кыймылдай албайт.
Тогуз күндөн кийин исландиялык киши клиникадан биринчи видео кайрылуусун жасап, дарыгерлердин бул керемет ишине эбегейсиз ыраазылыгын айткан.
Ролик оорукананын YouTube-канале каналына жүктөлгөн.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.
Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.
Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.
"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.