АКШда калың жааган кар 41 кишинин өмүрүн алып кетти

© REUTERS / JOSHUA ROBERTSВашингтон шаарынын тургуну көчөдө карды тазалап жатышат.
Вашингтон шаарынын тургуну көчөдө карды тазалап жатышат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдар жол кырсыктарынан, иске ууланып жана кар тазалоо учурунда каза болушкан. 11 штатта өзгөчө кырдаал жарыяланган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Америкада жааган калың кар 41 адамдын өмүрүнө забын болгонун Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин 30га чукул кишинин өлгөнү айтылып жаткан.

Бишкектеги Жаштар аллеясында бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 30 градус суук болуп, кар жаай турганы божомолдонууда
Адамдар жол кырсыгынан, иске уулануудан жана кар тазалоо учурунда инварктка кабылып каза болушкан. Өлгөндөр Вашингтон, Дэлавер, Кентукки, Мэриленд, Нью-Жерси, Нию-Йорк, Түндүк жана Түштүк Каролина, Огайо, Пенсльвания, Теннеси жана Виргиния аймактарынан экени аныкталган.

"Кылым бурганагы" деген аталышка ээ болгон табигый кырсык 22-январда башталып, ага 90 миллионго чукул жашоочу кабылган. 11 штаттын бийлиги өзгөчө кырдаал жарыялап, Вашингтондо унаа байланышы токтотулса, Нью-Йоркто жол кыймылына тыюу салынды. Тургундарга эшикке чыкпоо сунушталды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө 70 сантиметрге жеткен кардан улам 200 миң үй электр жарыгысыз калып, эми суу каптоо коркунучу күч экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0