Пикассонун 8 млн. долларга бааланган сүрөтү Стамбулда аткезчилерден алынды

© AP Photo / UncreditedПикассонуну "Чачын тараган жылаңач аял" картинасы. Архив
Пикассонуну Чачын тараган жылаңач аял картинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пикассонуну "Чачын тараган жылаңач аял" сүрөтү Нью-Йорктогу коллекционердин үйүнөн уурдалып кеткен. Контрабандачылар бул полотнону 8 миллион долларга баалашкан.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Түркиянын Контрабанда менен күрөшүү боюнча Башкармалыгынын кызматкерлери Стамбул шаарында эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармап, Пабло Пикассонун миллиондорго бааланган уурдалган сүрөтү таап чыкты. Бул туурасында РИА Новости Anadolu. агенттиние таянуу менен билдирди.

Таш-Көмүрдө MAN оор жүк ташуучу унааны уурдап кеткендер колго түшүрүлдү
1940-жылы тартылган "Чачын тараган жылаңач аял" картина Нью-Йорктогу коллекционердин үйүнөн уурдалып кеткен. Испаниялык художник Пикассонун бул эмгегин аткезчилер 8 миллион долларга сатууга аракет кылган.

Полиция кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө картинаны сатып ала турган тарап катары чыккан. Соодалашуу жакшы жүрүп, эч нерседен шектенбеген аткезчилер полотно баасын 1 млн. долларга арзандаткан. Сатып алымыш болгон полиция кызматкерлери жолугушууга келгенде кылмышкерлерди колго түшүргөн.

Эми алар тергөөдө суракка алынып, эл аралык кылмыштуу топтун чынжырын табуу иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0