Швейцариялыктар жамбаштап жатып эле мамлекеттен 2250 евро алышы мүмкүн

© Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүШвейцариянын Давос шаары. Архив
Швейцариянын Давос шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилге колдоого алынып калса өлкөнүн ар бир жараны иштебей эле мамлекеттен акы ала баштайт. Бул маселе боюнча добуш берүү июнда өтөт.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Швейцария жарандардын иштебестен айына 2500 франк (2250 евро) алуусу каралган референдум өткөргөн биринчи мамлекет болуп каларын The Local агенттигине таянып РИА Новости билдирди. 

Британия Европа биримдигине чыгуу жөнүндө референдум өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алды
Добуш берүү 5-июнда өтөт. Демилге коомдук ишмерлер тарабынан сунушталган. Мында жашы жете элек балдар үчүн айына 625 франктан бөлүп берүү каралган.

Бирок мындай мүмкүнчүлүккө карабастан элдин көбү жумуштан кетүүгө шашылбайт. Болгону калктын 2 пайызы гана иштебей турганын айтса, 8 пайызы кырдаалга жараша аракет кыларын билдирген. 

Демилгечилер мындай шартта өлкө жарандары акча көп төлөгөн жерде эмес, өзү каалаган чөйрөдө эмгектенүүсүнө жол ачат деп эсептешүүдө. Бул алардын айтымында, калктын турмушун кыйла жакшыртат.

Басылманын маалыматы боюнча, аталган системаны ишке ашырууда жылына 208 миллиард франк сарпталат. Анын 153 миллиардын салыктан, ал эми калганын социалдык камсыздоо фондунан алуу пландаштырылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0