Талибдер 5 миллион жаранды электр жарыгысыз калтырды

© AFP / WAKIL KOHSARТалибан кыймылынын согушчандары. Архив
Талибан кыймылынын согушчандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлер электр линияларынын бирөөнү толугу менен жок кылышты жана дагы бир линияны жардырууну көздөшүүдө.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Афганистандын түндүгүндө талибдер Өзбекстандан келген электр линиясын иштен чыгарды. Жыйынтыгында Кабулдун айрым кварталдары жана түндүк аймагы толугу менен жарыксыз калды. Бул тууралуу Sputnik Dari билдирди. 

Талибан террористтик уюмунун мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт ИМ менен Талибандын бирикпеген себебин айтып берди
Улуттук "Дэ Афганистан Брешна Шеркат" (De Afghanistan Breshna Sherkat) энергетикалык компаниясы талибдер бир линияны толугу менен жок кылгандыгын жана дагы бир линияны иштен чыгарууну көздөп жатканын кабарлады. 

Афганистандын энергетика жана суу менен камсыздандыруу министрлигинин маалымат катчысы Абдулбасид Абди өлкөнүн алтыдан бир бөлүгүн түзгөн 5 миллион жаран узак мөөнөткө электр жарыгысыз каларын Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди. 

"Биз эмне кыла алабыз? Биз алсызбыз! Маселенин баары өлкөнүн инфраструктурасынын иштөөсү үчүн жеткиликтүү коопсуздуктун жоктугунда. Эгерде негизги электр линиялары өткөн аймактарда коопсуздук сакталбаса, анда биз да, "Дэ Афганистан Брешна Шеркат" энергетикалык корпорация да өз күчүбүз менен маселени чече албайбыз", — дейт маалымат катчы. 

Анын айтымында электр линиясы өткөн аймактын тегерегине жардыргычтар коюлушу мүмкүн. "Брешна" жумушчуларынын өмүрүн тобокелге салуу менен талибдер жардырган линияларды оңдойт, бирок алар линияларда кайра жардырбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. 

Коомчулуктун көптөгөн арыздарынын негизинде Афганистандын коргоо министри өлкөнүн түндүгүндөгү Пули Хумридеги электр линияларын алып өтүүдө коопсуздукту сактай тургандыгын билдирди. Тийиштүү иш-чаралар качан көрүлөрү белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0