Россия муфтияты: өрттөн каза болгон кыргыз жарандарынын окуясы жүрөк үшүн алды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссия мусулмандарынын дин Башкармалыгы, Муфтийлер кеңеши жана муфтий шейх Равиль Гайнутдин. Архив
Россия мусулмандарынын дин Башкармалыгы, Муфтийлер кеңеши жана муфтий шейх Равиль Гайнутдин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтий шейх өз сөзүндө жакындарын жоготкон жарандарга сабырдуулук тилеп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Россия мусулмандарынын дин Башкармалыгы, Муфтийлер кеңеши жана муфтий шейх Равиль Гайнутдин Москвадагы тигүү цехинде кыргыз жарандарынын өмүрүн алган өрт окуясына байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусовго көңүл айтты. 

Муфтий шейх бул кырсык россиялык мусулмандардын жүрөк үшүн алганын белгиледи, деп элчиликтен билдиришти.

"Басымдуу бөлүгү жаштар болгон кыргызстандыктардын өлүмү Россиялык мусулмандарды бушайманга салды. Өрт кырсыгында жакындарын жоготкон  бир туугандарыбызга Кудайдан сабыр жана кайратуулук тилейбиз", — деп айтылат билдирүүдө.

30-январда Москвадагы тигүү цехинде өрт чыгып, 12 адам каза тапкан. Алардын сегизи кыргызстандык жарандар, дагы экөө Россиянын жарандыгын алган этникалык кыргыздар, экөө Өзбекстандын жарандары экени белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0