Жеки Чан тартылып жаткан тасма Лондон тургундарынын жүрөгүн түшүрдү

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүБелгилүү актер Жеки Чан. Архив
Белгилүү актер Жеки Чан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ламбет көпүрөсүндөгү жардыруунун элдин көбү теракт катары кабыл алган. Шаардыктар кино тартылып жатканы тууралуу маалымат эрте айтылбаганына нааразы болушууда.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Белгилүү актер Жеки Чандын катышуусу менен тартылып жаткан тасманы Лондон шаарынын тургундары 2005-жылдагы терактынын кайталанышы катары кабыл алышканын Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Жеки Чан өз фильмин тартып жатканда актердон кыргызча кыйкыр деп суранган - Sputnik Кыргызстан
Жеки Чан актердон кыргызча кыйкыр деп суранган
Маалыматка ылайык, аялдамадагы жардыруу Жеки Чан менен Пирс Броснандын катышуусу менен The Foreigner (Чет элдик) тасмасын тартып жатканда болгон. 

Шаардыктар тасма тартылып жаткандыгы тууралуу эрте маалыматтын берилбегенине нааразы болушууда. Жардыруу айрым лондондуктардын эсине 2005-жылдын 7-июлунда болгон терактыны салган. Анда согушкерлер үч поезд менен бир автобусту жардырып жиберишкен. Мындан 52 киши көз жумуп, 700гө чукулу жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0