Дүйнөдө биринчи жолу метеориттин кулашынан адам каза болду

© AFP / Jorge Guerrero Метеорит. Архив
Метеорит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин матеориттен уйдун өлгөнү маалымдалган. Ал эми адамдын өлүмү Индияда катталды.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Дүйнөдө биринчи жолу адамдын метеориттин кулашынан каза болгон учуру катталганын Тамилнаду (Индия) штатынын башкы министри Джаярам Джаялалитха билдирди. Бул тууралуу Indian Express басылмасына таянуу менен РИА Новости билдирди.

"Кырсык өткөн ишемби күнү болду. Метеорит Веллор аймагындагы инженердик колледждин аймагына түшкөн", — деп айтылат билдирүүдө. 

Дайверы во время погружения. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Science: окумуштуулар дүйнөдө биринчи жолу жылуу кандуу балыкты табышты
Маалыматка ылайык, объект кулагандан кийин жарылуу болуп, анын толкуну автобустардын жана жакын жайгашкан имараттын айнектерин талкалаган. Колледждин жанында анча чоң эмес чуңкур пайда болгон. Метеорит кулаган маалда Камарадж аттуу айдоочу жарылуу болгон жердин жанынан өтүп бара жаткан. Андан тышкары дагы үч бакча жумушчусу жаракат алган. 

Джаялалитха каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө 25 миң рупий (300 доллардан ашуун) компенсация төлөр берүү тапшырмасын берди.

Өткөн аптада космостук изилдөө институтунун директору Лев Зеленый РИА Новости агенттигине адамзаттын тарыхында биринчи жолу астероиддин кулашынан тирүү жандык — уйдун өлгөнү анык болгонун айтып берген. Бул окуя 1972-жылдын 15-октябрында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0